Кошунасыныкында уктап калган 7жашар баланы атасы катуу сабап, ооруканага түштү

213

Кошунасыныкына барып уктап калган 7 жашар баланы атасы катуу сабаган. Натыйжада жаракат алган жаш бала ооруканага түшкөн.

Бишкек шаардык милициядан кабарлагандай, 12-майда №3 ооруканадан укук коргоо органдарына катуу сабалган бала боюнча билдирүү түшкөн.

Милициялар аныктагандай, 2012-жылы туулган баланы 1986-жылы туулган өзүнүн атасы сабаган.

Баланын энеси жазган арызда окуя төмөндөгүдөй болгон. Бала кошунасыныкында ойноп жатып уктап калган. Бул убакта аны ата-энеси издеп, ошол күнү кечинде табышкан. Эртеси күнү атасы тарбиялоо максатында баласын уруп койгон.

Бул факт “үй-бүлөлүк зомбулук” беренси боюнча катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын корутундусу менен берене өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь