Кыргызстанга жарым млрд. долларлык автоунаа алып келинген. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
маалыматка караганда, аталган комитет 1994-жылдан тарта импорттун агымын санай баштаган. Бардык сумма доллар менен эсептелип, маалыматтар 10 миллионго чейинки чек менен белгиленген.
1994-жылы өлкөгө автоунаалар эң аз санда алып келинип, баасы 2,9 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2016-жылы эң көп унаа алып келинип, суммасы 90 миллион долларды түзгөн.