2019-жылдын төрт айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 149 миллиарддан ашык сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Өнөр жай продукциясынын өсүшү металл кендерин казып алуудан, көмүр өндүрүүдөн, чийки мунай жана жаратылыш газынан, текстиль жана кийим өндүрүүдөн болгон.