Күн нуру аркылуу кубат алган дүйнөдөгү алгачкы унаа сатыкка чыгат.ВИДЕО

224

Sono Motors немис компаниясы алгачкы ирет күн нуру аркылуу кубатталган автоунааны чыгарып жатат.

Унаанын үстүңкү панели 330 күнөстүү фотоэлементтерден турат. Алар ар кандай чаңдан, суудан, кирден коргойт. Электрдик панельдин кубаты жок дегенде 30 чакырым жүргөндү камсыз кылат. Мындан сырткары, унаада 250 километр кошумча аккумулятор менен камсыздалган. 40 мүнөт ичинде 80 пайыз кубат ала алат.

Ал эми күн нурунан кубат алуу үчүн 8 саат убакыт керектелет, бирок жакшы жагы айдоочу токтон алыс болот.

Күн нурунан кубат алган алгачкы унаа быйыл 2019-жылы сатыкка чыгат. Унаанын баштапкы баасы 16 миң еврону түзөт.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь