Көмүскө сатылган күйүүчү май эки эсеге өскөн

217

Нефтепродукция рыногундагы көмүскө соода бир жыл ичинде эки эсе өскөн.  Өкмөттүн 2019-жылдын 26-марттагы токтомуна ылайык, 2017-2018-жылдар аралыгында күйүүчү май тармагынындагы мыйзамсыз экономиканын көлөмү 12,8 пайыздан 25,2 пайызга чейин өскөнү айтылган. Айрым серепчилердин айтымдарына караганда, Казакстандан мыйзамсыз кирген күйүүчү майдын көлөмү 40 пайызга чейин жеткен.

Серепчи Максат Мамытканов аткезчилик жол менен келген күйүүчү майлар жана башка товарлар көп келип жатканын айтат. “Бул көлөмдөгү мыйзамсыз товардын болжолду наркы бир жыл ичинде эле 2 миллиарддан 5 миллиард сомго чейин жетет. Эми өлкөнүн казынасына түшүп жаткан салыктын көлөмүн (салык, акциз, төлөмдөр) жөнөкөй эле арифметика менен өлкөдөгү ири май куйуу бекетинин мисалында эле эсептеп койсок болот”- дейт серепчи.

Ал эми салык кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагында 921 май куючу жай болсо, анын 38и Орусиялык белгилүү тармактарга таандык. “Ачык бюджет” сайтынын маалыматын карайт турган болсок, 2018-жылы компания мамлекеттик бюджетке 3 миллиард сомдон ашык салык төккөн. Тагыраагы өлкөнүн нефте рыногунда 4% Май куйуучу бекеттери ээ болуп туруп, ал эми тармактагы жалпы салык төлөмдөрүнүн 39%ын төлөшкөн. Ал эми башка кубаттуу мүмкүнчүлүктөрү бар компаниялардын көрсөткүчтөрү төмөн болгон. Мисалы 921 Май куйуучу бекеттердин 104үнө ээлик кылган жергиликтүү компания бюджетке 2 милиард сомдон ашык  каражат которгон. Тактап айтканда  бир жарым эсе аз салык төккөн.

Мамытканов “Өкмөттүн токтомуна ылайык, өлкө нефтетрейдерлери 2016-жылдын 1-сентябрынан тарта өз кассалык аппараттарын онлайн режимге өткөрүшү керек эле. Мындай болгон күндө гана ар бир транзакция онлайн режимде салык кызматыда көзөмөлгө алынып турмак. Бирок, көпчүлүк компаниялар бул талапты аткарбай келишет. Тактап айтканда сатуу көзөмөлдөнбөй келгенин кошумчалады. Мындан тышкары кассалык чектин берилбегени салык төлөөдөн качууга жол ачып келүүдө.”-деп кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь