Монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу завод ишке кирди (сүрөт)

121

Монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу завод ишке кирди. Анын ачылыш аземине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, өндүрүштүк базасы жана чыгарылган продукциялардын үлгүлөрү менен таанышты.

« Өлкөдө өткөн жылы бир катар ири, орто жана чакан ишканалар ачылып, 77 миңден ашуун иш ордун түзүүнү шарттаган. Ошентип, өндүрүштү өнүктүрүү менен биз Кумтөр кенинин өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн көз карандылыкты азайтуу үчүн шарттарды түзүп жатабыз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр эскерткендей, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча  атамекендик ветеринардык тутум Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына эквиваленттүү деп таанылган.

Завод менен таанышкан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тармактык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине өндүрүштү толук кубаттуулукта ишке киргизүүгө ар тараптуу аракеттешүүнү тапшырды.

Маалымдама: «Бишкек» Эркин экономикалык аймагында жайгашкан монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу заводдун Борбор Азия боюнча аналогу жок. Заводдо куюучу цех, механикалык цех, боёо цехи, таңгактоо цехи жана даяр продукциянын кампасы бар. Толук кандуу ишке берилгенде завод 500дөн ашуун жумуш ордун түзөт. Заводдун продукциясы ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттоого багытталган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь