Мурдагы депутат Музаффар Исаков камакка алынды

251

Жалал-Абад облустук соту мурдагы депутат Музаффар Исаковго өкүм чыгарды. Ага ылайык депутатты жети жылга камап, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарды.

2017-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Прокурор Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратып, анын жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте тартышын жана үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алууну соттон сураган болчу.

Жалал-Абаддын Сузак райондук соту ага коюлган «Коррупция» беренесин «Жер мыйзамдарын бузуу» беренесине которуп, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен жети жылга щарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь