Орозодо спортту таштабаңыз! Профессионал спортчулар кеңеш берет

224

Рамазан айында кээ бир адамдар “спорт” же “орозо” деген тандоого туш болот. Бул маселе спорт чөйрөсүндөгүлөрдөн баштап катардагы жөнөкөй адамдарга чейин ойлондурса керек. Ашыкча кыжаалат болуп, терең ойго батуунун кереги жок. Спорт менен орозонун ортосунда тандоо жасоо да шарт эмес. Анткени бул 2 нерсени бирге алып кетүү толук мүмкүн. Болгону айрым эрежелерди сактоо зарыл.
Төмөндө профессионал спортчулар Рамазан айында спорт менен туура машыгуу тууралуу кеп-кеңеш, жеке тажрыйбаларынан бөлүшөт.
Ажыканов Сүйүнт – спортчу, борбордогу спорт клубдардын биринде машыктыруучу:
– Спорт бул машыгуу гана эмес, туура тамактануу жана уйку режимин сактоо да болуп эсептелет. Бул нерсени биз комплекстүү карашыбыз кажет. Ал эми орозо маалында тамактануу, уйку режимдери өзгөрөт. Андыктан, биз бул учурда орозо менен спортту туура айкалыштырганды билип алганыбыз жакшы. Негизи профессионалдык деңгээлдеги спортчулар орозонун алгачкы күндөрү машыгуусун токтото турганы оң. Бирок бул таптакыр эле кыймылдабай жатып алат деген кеп эмес. Сөзсүз түрдө, булчуңдарды жибитип, көнүгүүлөрдү жасап туруш керек. Ден-соолук үчүн машыккандар болсо орозонун биринчи жумасында спорт менен алектенбей деле койсо болот. Анткени организмдин “орозо режимине” көнүп алуусуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Ачкачылыкка адаптация боло баштаганда дене көнүгүүлөрүн акырындык менен калыбына келтирип алабыз.
Күндүн кайсы бөлүгүндө машыгуу коопсуз жана ыңгайлуу?
– Менимче, эң ыңгайлуу убакыт бул – кечке маал, ооз ачарга жакынкы мезгил. Эгер эртең менен машыгып койсо кечке чейин энергиясы жетпей, катуу суусап калуу ыктымалдуулугу чоң. Андыктан, ооз ачарга бир саат калганга чейинки убакта машыксаңыз болот. Бирок машыгууга чейин күч-кубатыңызды толуктап алгыңыз келсе, анда ооз ачуу убактысын күтө туруп, бир аз курма жеп, анан залга барганыңыз жакшы. Эки ыкманы тең байкап көрүңүз. Кайсынысын тандасаңыз да машыгуудан 45 мүнөт өткөндөн кийин тамактанууга мүмкүн боло тургандай кылып убакытты эсептеңиз. Бул – сиздин булчуң тканынын калыбына келишине жардам берет. Баса белгилей кетчү нерсе, профессионал спортчулар түшкүсүн сөзсүз түрдө укташы керек.
Рамазан айында спорт менен алектенгендер үчүн белгилүү булчуңдарга гана күч келтириш керек деген талап же өзгөчөлүктөр барбы?
– Бул, биринчи кезекте, машыгуучунун максатына жана иштеген ишине байланыштуу. Көбүнчө, кайсыл булчуңу көп иштесе ошого жараша көнүгүүнү азайтабыз же такыр эле алып салабыз.Ал эми профессионал спортчулардын көнүгүүлөрүн 30 пайызга чейин кыскартабыз. Маселен, кадимки күндөрү 100 жолу отуруп туруу көнүгүүсүн жасаса, орозо маалында 70 жолу аткарат. Рамазанда адамдын организми керексиз заттардан тазаланат. Бул процесс кыймылдын натыйжасында, дем алуу, тер, заара аркылуу ишке ашат. Ошондуктан, орозодо туура көнүгүүлөрдү аткарып, спорт менен алектенүү бир гана пайдасын берет деп айта алам.
Кандай тамактарга басым жасаган оң?
– Албетте, бизге энергия берүүчү белоктуу азыктарга маани бергенибиз жакшы. Мисалы: сүт азыктары, эт, фасоль, жумуртка сыяктуу тамактар.
Каным Бургхан кызы, эркин күрөш жана самбо боюнча спорт чебери:
– Орозодо машыгууга ооз ачкандан соң киришсек болот. Мен өзүм ушундай кылам. Айрым учурда, маанилүү таймаштар Рамазан айына туура келип калат. Андай учурлар менде көп эле болгон. Мындайда адамдын чыныгы эрки билинет. Оозум бек болгонуна карабай килем үстүндө каршылашым менен беттешкенге туура келген. Оозум кургап, чаңкаганда да орозомду бузбастан күрөшүп жеңишке жеткем. Былтыр, Америкадагы турнирге келгенде дагы машыгуу учуру Орозо айына туура келген. Эң негизгиси, суюктукту көбүрөөк ичүү керек деп ойлойм. Суусабасаңыз да көбүрөөк суу ичиңиз. Тамак-аш менюсун түзүүдө протеин менен казеин (сүттүү белок) кошулмалары көп калориядан турарын эске алып алалы. Казеин –жай сиңүүчү протеин болгондуктан, аны эртең менен колдонгон жакшы. Ал 6-7 саатка чейин кармалып туруучу аминокислоталарды бөлүп чыгарат.
Эркинбек уулу Сыймык, грэпплинг менен машыгат:
– 4 жылдан бери орозо кармайм. Спорт менен алтынчы классымдан бери алектенем. Орозонун алгачкы күндөрү бир аз алыбыз кетип, шалдырайбыз. Бул – нормалдуу көрүнүш. Анткени организм жаңы режимге көнө албай, шок болот. Бирок бара – бара жеңилдей баштайт. Болжол менен баштапкы беш-алты күндүн ичинде көнүп кетебиз. Орозонун өзүнүн касиети бар да. Андыктан, коркпой эле спортту токтотпой машыга берүү керек.
– Орозо бүткөндөн кийин физикалык жактан өзгөрүүлөр байкалабы?
– Оорулардын көбү ашказанда башталат экен. Бир жылда, жок дегенде, бир жолу организм эс алышы зарыл. Япониялык окумуштуу Есинори Осуми деле ачкачылыктын пайдасын далилдеп, Нобель сыйлыгын албадыбы. Орозодон соң мен өзүмдү жеңил сезип, сергип калам. Бир аз эле салмагым азайганы болбосо, калганы жакшы жакка гана өзгөрүлөт.
Кандай болгон күндө да маанайды түшүрбөө керек. Анткени биздин руханий жактан өсүүбүз сырткы келбетке караганда маанилүү деп эсептейм. Рамазан убагында булчуңду чоңойтуу же арыктоо сыяктуу маселелер биринчи орунда турбашы керек.

Булак: umma.kg Автору: Алтынбек Айбек уулу

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь