Ош шаарында мектеп окуучуларынын жол акысы 5 сомго көтөрүлдү. Буга чейин мектеп окуучулары коомдук транспортко 1 сом төлөп келишкен.
5 сомго көтөрүү боюнча Ош шаардык мэриясы тарабынан сунушталып, бүгүн шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында депутаттар колдоп беришти.
Ош шаардык мэриясынан билдиргендей, муниципалдык автобус жана троллейбустар окуучуларды 3 сомдон ташыса, менчик маршруткалар 5 сомдон алышат. 3 сомго көтөрүү боюнча чечим 2020-жылдан тарта ишке кирэрин, быйыл 1 сомдон эле төлөнөрүн кошумчалады.
Мындай чечимди кабыл алууга маршруткалардын көп учурда окуучуларды 1 сомдон эле төлөйт деп киши батпай калганда албай кеткендиги болгон.
Мындан улам айдоочулар жол кирени көтөрүү талабын коюшса, ата-энелер макулдугун беришкен.