Ош шаардык кеңешине төрт жаңы депутат келгени жергиликтүү кеңештин кезектеги сессиясында билинди.
Борбордук шайлоо комиссясы жаңы депутаттарга төш белги менен күбөлүгүн тапшырышты.
«Мекеним Кыргызстан» фракциясынан Таалайбек Шавановдун ордуна Калыбек Уркунбаев.
КСДП фракциясынан Хамидилло Исмаиловдун ордуна Санжарбек Анарбек уулу.
“Мекеним Кыргызстан” фракциясынан Айбек Камаловдун ордуна Эрнист Мырзаев.
КСДП фракциясынан Идрисбек Кубатбековдун ордуна Марс Мусаев келди.