Путин менен мамилелеш делген Кабаева эгиз уул төрөдү

274

Белгилүү гимнаст Алина Кабаева эгиз уулдуу болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты. Спортчу айым Москвадагы Кулаков атындагы борбордук клиникада көз жарган. Ал тегерегинин бары жан сакчылар менен курчалган вип-палатада жашаган.

Кабаева тараптан балалуу болгондугу боюнча расмий маалымат тарата элек. Негизи эле спортчу өзүнүн жеке жашоосун ачыкка чыгара бербейт. Маалыматтарга ылайык, 36 жаштагы Кабаева буга чейин дагы үч жолу көз жарган.

Ал эми баланын атасы ким экендиги боюнча так маалымат жок. Бирок чемпионка Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакын мамиледе экендиги тууралуу көптөгөн сөздөр айтылып келет.

Айрым орус ЖМКлары ымыркайлардын атасы Путин болушу ыктымал деп божомолдошууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь