АКШнын соту Bayer аттуу немис фармацевтикалык компаниясы америкалык үй-бүлөгө 2 млрд. доллар төлөп бериши керек деген өкүм чыгарды. Алар Bayer компаниясынын товарынан улам ракка чалдыкканын айтышкан.Бул тууралуу Би-би-си кызматы жазды.
Калифорниядагы арачы сот Bayer отоо чөптү жок кылган Roundup аттуу каражатында глифосат заты бар экенин эскерткен эмес деп тапты.
Bayer айыптарды четке кагып, каражатында кооптуу заттар жок экенин билдирди.
Элва менен Альберта Пиллиод америкалык Monsanto компаниясын каражаттарга гербицид кошкону үчүн сотко берген. Бул заттан улам аларда рак илдети козголгон деп айтылууда.
Сот отоо чөптү жок кылган Roundup каражатын өндүргөн компанияга каршы үчүнчү жолу чечим чыгарууда. АКШда эле Roundup каражатындагы кооптуу заттар үчүн жүздөгөндөр сотко кайрылган. Алар гербицид менен рак илдетинин байланышы бар дешүүдө.
Сотто утуп алган үй-бүлөнүн адвокаты өкүмдү “тарыхый” деп атады.
Bayer соттун чечимине нааразы болуп, арызданарын билдирди. Бул компания бир нече жылга созулган изилдөөлөр глифосат кооптуу эмес экенин далилдеген деген пикирде.