Сарыбашов: Кумарканаларды милиция өзү калкалайт

76

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов көмүскө кумарканалардын иштешине милиция кызматкерлери өздөрү кызыкдар экенин айтты. Бул туурасында ал шаардык кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-майда, журналисттер калаадагы кумарканасы бар делген “Де люкс” мейманканасына барганда күзөтчүлөрү аларга күч колдонуп, биринин камерасын тартып алып жазылмаларын өчүрүп салган. Андан соң милиция кызматкерлери келип, журналисттерге кол көтөргөн эки күзөтчүнү кармап кеткен. Ал эми милиция ал жай эки ирет шектүү катары катталганын, бирок атайын экспертиза “кумар ойноочу жай эмес” деген жыйынтык чыгарып бергенин айтууда.

Бүгүн шаардык кеңештин депутаты Рысбек Турдуев милициянын мындай билдирүүсүн сынга алды.

“Журналисттер көмүскө иштеп жаткан кумаркананы аныкташты. Ал жерде бир жигит акчасын уттуруп жатса, силер экспертизадан кийин белгилүү болот дейсиңер. Акча уттуруп жатканы өзү экспертиза эмеспи”, — деди Турдуев.

Ал эми мэр Сарыбашов кечээ ушул окуядан кийин шаардык милициянын башчысы Муратбек Боронов менен жолугуп, тиешелүү тараптарга чара көрүүнү тапшырып, эскертүү бергенин айтты.
Булак: sputnik.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь