Таластан дайынсыз жоголгон кыз беш күндөн кийин Оштон табылды

258

Гаухар Абасбекова үйүнөн 17-апрелде чыгып кеткен.

Таластык дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Гаухар Абасбекова Ош шаарынан табылганын. Бул тууралуу Талас облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка караганда, буга чейин өспүрүмдүн Таластагы үйүнөн 17-апрель күнү болжол менен саат 7.40тарда чыгып кеткен. Такталбаган маалыматтар боюнча, кызды Бишкектеги ЦУМдан көргөндөр да болгон.

Ал эми Талас облустук милиция болсо жоголгон кыздын 4-5 күндөн кийин эле Оштон табышкандарын жана абалы жакшы экенин кошумчалашты. Ал чоңдордун уруксатысыз эле Бишкек менен Ош шаарларын кыдырып көрүүнү чечкенин дагы айтышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь