Токмокто 80 жаштагы карыяны карактап кеткендер кармалды

101

Токмок шаарынын турган 80 жаштагы кемпирди белгисиз адамдар коркутуп, үйүн карактап кеткен. Окуя 10-майда болгонунун Чүй ОИИБнан кабарлады.

Карыянын жазган арызында, аны түнкү саат 2:20лар чамасында бейтааныш кишилер үйүнө кирип келип, ур-тепкиге алабыз деп коркутуп, 12 000 сомун алып кеткени айтылат.

Бул окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”)менне Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милициянын ыкчам аракеттеринин жыйынтыгында шектүү катары буга чейин бир нече ирет соттолгон 28 жана 30 жаштагы тургундар кармалды.

Алар Бишкек шаарындагы №1 убактылуу тергөө абагына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь