Маалыматтарга ылайык, камакта отургандар ичимдик ичишип андан соң мушташа кетишкен. Жаңжалга аралашкандардын экөөсү кан тамырын кесип салышкан.
Камалгандарга медициналык жардам берилип, жаратын тигип кайрадан УКЖга кайтарышкан.
Бул боюнча Чүй ОИИББ маалыматты тастыктап, окуя бүгүн саат 10.00дө болгондугун кабарлады.
Кылмышка шектелип камалган үч адам бири-бирине нааразычылыгын айтып олтуруп, натыйжада пластик кашыгынын сыныгы менен өздөрүнүн денесине залал келтиришкен.
Окуяны иликтөө үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, мындан тышкары кызматтык иликтөө башталды.