Токмок: Балдарына дары алганга акча жок дарыкананы тоногон

322

Балдарынын дарысына акча таппаган ата дарыкананы тоноду.

12-март күнү ичимдик ичип алган жаран дарыканага кирип барып, фармацевти жерге кулата түртүп кассадагы 25 миң 173 сомду алып из жашырган.

Соттолуучунун айтымында, ал күнү балдары ооруп калып дарыга акча издеген. Тааныштарына жолугуп сырадан ичкен соң Шамсинской көчөсүндөгү дарыканага барып дары сураган. Каражаты жоктугуна байланыштуу ага берген эмес.

Кассага жакын келип акчаларды алмакчы болгондо сатуучу келип калгандыктан аны түртүп жиберген. Акчаны уурдаган соң жаман ишке барганын сезген кылмышкер өзү милиция кызматкерлерине барып күнөөсүн айткан.

Ал эми жабыркаган дарыканачы соттолгон жаранга арызы жок экендигин айтып аны жазалабоону өтүндү.

Сот акча алган жаранды күнөөлүү деп таап, III категорияда 5жылга эркинен ажыратып, 70миң сом мамлекетке өндүрүү өкүмүн чыгарды.

 

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь