Түйүлдүктөгү баланы шишик экен деп химиотерапия жасашкан

309

Түркияда жабыр тарткан аял кош бойлуулукту залалдуу шишик менен алмаштырып алган дарыгерлерди сотко берди. Бул тууралуу Daily Mirror басылмасы кабарлайт.
2018-жылы 35 жаштагы Серпил Багинин (Serpil Baga) жатынынан залалдуу шишик аныкталып, дарылоого көрсөтмө берилет. Үч айдан кийин аялдагы хорионикалык гонадотропин гормонунун деңгээли жогорулап кетет. Аталган гормон аялдар кош бойлуу учурда иштелип чыгат, ошол эле учурда жатындын рагы жөнүндө дагы кабар берет.
Дарыгерлер аны рак клеткаларынын жайылуусунун белгиси деп, аялга химиотерапия дайындашкан. Текшерүүнүн учурунда анын жатынынан узундугу 12 жана 19 сантиметр болгон эки шишикти аныкташкан. Аларды алып салууну пландап жаткан учурда аялдын боюнан түшөт.
Белгилүү болгондой аялдын боюндагы эки эгиз баланы дарыгерлер шишик деп аныкташат. Бойдон түшүүгө химиотерапия себеп болот. Аял жана анын жолдошу дарылаган адистерди шалаакылык боюнча жазалоону суранып жатышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь