Чай куйгусу келбеген кыздарды «сабоого» үндөгөн депутат Мусабекова жоопкерчиликке тартылбайт

304

Башкы прокуратура активист Гүлайым Айылчынын парламенттин депутаты Жылдыз Мусабекованын үстүнөн жазган арызын карап чыкты. Активист депутаттын чай куйгусу келбеген кыздарды «сабаш керек» деп айткандарына юридикалык баа берүүнү суранган.

Башкы прокуратура өз жообунда алар иштеген тармак — бул маморгандардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүү, ошондуктан активисттер сотко кайрылышы керек деп жазган.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга, өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу. Жогоруда жазылгандарды эске алып, сиз өз укуктарыңызды коргоо үчүн сот тартибинде кайрылууга укуктуусуз», — деп айтылат ведомствонун катында.

Айылчы өзү эл өкүлдөрү эмнени сүйлөп жаткандарын аңдап жана ал үчүн жоопкерчилик алышы керек деп айтып берди «Клоопко».

«Зомбулукка үндөө коомдук ойду калыптандырат. Юристтер менен кеңешкенден кийин мындан аркы аракеттерди жасайм. Биздин укугубуз бар жана аларды [депутаттарды] көзөмөлдөшүбүз керек. Кимди жана кантип шайлап алышканы түшүнүксүз. Кимди шайлап жатканыбызды билишибиз керек жана ошол үчүн алардын аракеттерин элге билдиришибиз керек», — деди активист.

Мусабекова 8-мартта Бишкекте болуп өткөн аялдар жөө жүрүшүнөн кийин өзүнүн фейсбук барагына «эркегибиз “төрөбөйм”, кызыбыз “чай куйбайм” дегендерди сөкмөк тургай, сабаш керек» деп пост жазган.

Булак: “Клооп.кж”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь