Бир кезде социалдык тармактар аркылуу акыйнек айтышып, бирөөсү сенин жаназаңа барбайм десе, экинчиси сени араптардын кумуна көмүш керек деген Чубай ажы менен Жанар Акаев элдешиптир. Орозонун куттуу күнүндө ал экөөнө чай берип ооз ачтырган Алтынбек Сулайманов болгон өңдүү. Анткени ал фейсбуктагы баракчасына: “Чубак ажы жана Жанар иним үчөөбүз бүгүн чогуу ооз ачтык. Кыргыздын эки мыкты уулунун бири-бирине болгон урмат-сыйы өтө бийик деңгээлде экен” деген пикирин калтырган.
Белгилей кетсек Алтынбек Сулайманов буга чейин Жалил Атамбаевдин Ыдырыс Исаковго карата доо арызын соттон алуусуна себепчи болгон жайы бар.