Элдин жумушун жасап жан баккан Назгүл Стамакунованын эки уулу тең түрмөдө (сүрөт)

303

Элдин жумушун жасап жан баккан Назгүл Стамакунованын эки уулу тең түрмөдө.

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын жашоочусу Назгүл Стамакунова 1 бөлмөлүү эски үйдө күн кечирип келет. Анын бул тамы 1930-жылы курулган.

Өзүнүн айтымында, үйү кооптуу абалда турат. Кокус жер титирөө болсо, кулап калышы мүмкүн. Эски тамда өзүнөн башка жээн небереси дагы жашайт.

Назгүл Стамакунова 4 баланын энеси, эки уулу камакта.

«Жакыр үй-бүлөбүз, каралаша турган адам жок. Эки уулум тең кесилип кетти. Үйдө неберем экөөбүз жашайбыз. Эки кызым бар, алар шаарда. 15 жашымда турмушка чыккам, жолдошум каза болуп калган.

Жалгыз бой болгондуктан жардам берүүнү өтүнөм. Каралашар кишим жок. Тамым жарылып жатат, качан кулап калат билбейм. Үстү түшкөнү калды. Устундары чирип калды. Башка баш калкалай турчу жер жок. Өзүм элдин жумушун жасап жан багам. Темир терип, аны сатам. Палас жууйм, үйлөрдү актайм. Пенсиям 1400 сом», – деди ал.

Назгүл Стамакунова 1960-жылы Ат-Башы айылында төрөлгөн. Ага жардам берем дегендер 0706 373 761 номуру аркылуу байланыша алышат.

Булак: Турмуш

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь