Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Муфтият уюштурган ооз ачардагы окуя боюнча жооп берди. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хами Аксой элчиликтин расмий сайтына жазган.

Мында Кыргызстан Муфтияты тарабынан уюштурулган ооз ачарга Кыргызстан ФЕТӨ башчыларынын кошо чакырылышы кабыл алынбай турганы, андыктан, ооз ачарга барган Түркиянын элчиси жагдайга жараша жообун бергени айтылат.

«ФЕТӨнүн башка өлкөлөргө да жайылышына каршы күрөшүү эң башкы артыкчыктарыбыздын бири. Биз аталган уюмдун канчалык кооптуу экенин алар ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан бардык өлкөлөргө эскертип келе жатабыз. Бул маселеге биз менен дос болгон өлкөлөрдүн расмий бийлиги эле эмес, улуттук, коомдук уюмдары да көңүл бурушун каалайбыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгы уюштурган ооз ачарга «Сапат» билим берүү мекемесинин мурдагы башчысы Орхан Инанды менен чогуу чакырылганы үчүн уюштуруучуларга нааразычылык билдирип чыгып кеткени боюнча видео тасма интернетке тараган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 55