Өкмөт сынак жарыялады. «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» тандалат

430

Кыргызстанда «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өтөт. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган сынак Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кара-Суу, Кербен, Кочкор-Ата, Нарын, Ош, Талас, Таш-Көмүр, Токмок жана Өзгөн шаарлары арасында өткөрүлөт.

Сынакта 1-орун алган шаар 3 млн сом акчалай сыйлык алат. 2 жана 3-орундарды ээлеген шаарларга 2 млн жана 1 млн сомдон берилмекчи.

Сынакка бардык каалоочулар катыша алат.

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын байге фонду 6 млн. сомду түзөт.

Сынак «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында өтүүдө.

Сынактын шарттары жана мөөнөттөрү тууралуу кеңири маалымат жакынкы мезгилде жарыяланат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь