“KG.групп” курулуш компаниясы тарабынан 4 эмге батир белекке берилет

191

“КG.групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов жакында 5-каналга берген маегинде 4 эмге батир берээрин айтты.

Имамидин Ташов 4 эмдин төрөлүшүн ырым кылып, бүтүндөй кыргыз эли үчүн жакшылык экенин белгилеп, иш аракеттин маанисине токтолду.

“Түшүнгөн кишиге бул окуя кыргыз элине, жерине күч берүүчү, дух берүүчү окуя. Биздин максат батир берип өзүбүздү пиар кылуу эмес, кыргыздын санын көбөйткөндөргө таазимибизди, ыраазылыгыбызды билдиргибиз келет. Ушул эле студияда мен кыргыздын саны 10 миллионго жеткиче батир бергенибизди токтотпойбуз деп айткан элем”, – дейт Имамидин Ташов. 


Белгилей кетсек, ишкер Имамидин Ташов соңку 4 жылдан бери көп балалуу үй-бүлөлөргө батир берүүнү улантып, ата-энелердин кубанычын бөлүшүп келет. Бул ирет да 4 эмдин төрөлүшүнө кубанган чыныгы мекенчил инсан Имамидин мырза бул үй-бүлөгө батир берүүнү убада кылды.

(Маектин үзүндүсүн видеодон көрсөңүз болот)

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь