Сагынбек Абдырахманов өзү төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) атынан эки адам жергиликтүү кеңешке депутат болуп барганын «Азаттык» радиосунун «Эки бир» көрсөтүүсүндөгү суроолорго жооп берип жатканда айтты.
“Фракциялар менен акылдашып, кеңешип, Ош шаарына жана Жалал-Абадга эки депутат менин колум коюлган кагаздын негизинде барды. Борбордук шайлоо комиссиясы менен да иштешип жатабыз.”
Алар кайсы депутаттар экендиги азырынча белгисиз.