Ат-Башыда ооруп өлгөн малдын өлүктөрү жатат

332
“Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын четинде малдын өлүктөрү ташталып жатат. Алардын саны өтө көп. Өлүмүнүн себептери белгисиз”-деп интернет колдонуучусу тараткан.

Анын айтымында айылга жакын аймактарда таштандыга жетпей өлгөн малдарды ыргытып кетип жатканын айткан. “Айылга жакын таштанды төккөн жер бар. Аны эл “өлүк кокту” деп коюшат. Ушундай атка конгончо жергиликтүү айыл өкмөтү, ветеринарлар карап коюшкан жок. Ал эми бул кокту күндөн күнгө айыл эли үчүн кооптуу болуп келе жатат. Бул жерде эмненин гана өлүгү жок: ит-мышыктан тартып, торпок, уй, кой, эчки, жылкынын өлүктөрүнөн бери сасып-ирип жатат.   Бул жандыктар эмне дарт менен ооруп өлгөнү белгисиз. Ит-куш тытып жеп, анан айылга кирип адамдарга кол салбайт деген кепилдик жок да. Малдын өлүгүн таштай турган, атайын корукка алынган жай камдабаса, ушул бойдон кала берсе коркунучтуу оору тарап, өзүбүз эле зыян тартабыз”, – дейт интернет колдонуучу.


 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь