Балыкчы-Жалал-Абад жолдун курулушу бүткөн соң акы төлөп жүрүүчү жол болушу мүмкүн. Мындай маалыматты транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, акы төлөөнүүчү жол кылуу боюнча учурда сунуштар даярдалып жатат.
Бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттар тарабынан Балыкчы-Жалал-Абад альтернативалуу жолун каржылоо маселеси талкууланды. Анда ар бир чакырымы жүк ташуучу автоунааларага 1 сомдон 3 сомго чейин болушу мүмкүн экени айтылды.
Ал эми Ош – Бишкек жолун кармап турганга жылына мамлекеттен 400 млн. сом кетет. Бул боюнча депутаттар элге азыртан айтып, түшүндүрүү керектигин билдиришти.