Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча камакка алынды.
Бул тууралуу ИИМдин маалымат-кызматы кабарлады.
Мындан бир нече саат мурда саламаттык сактоо министри болуп турган Динара Сагынбаеванын дагы камакка алынгандыгын жазганбыз.
Учурда камалгандар Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.