Батукаевдин иши боюнча камакка алуу кезеги Атамбаевге жеттиби?

304

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу камакка алынды. 14-майда Сагинбаева аталган ишке байланыштуу суракка чакырылганы белгилүү болгон эле.

Буга чейин Батукаевдин иши боюнча 5 дарыгер кармалып, алардын үчөөсү СИЗО-1 мекемесине киргизилген болчу. Негизи Батукаевди кызыл килем төшөп узатып жиберүүнүн башында экс-президент Алмазбек Атамбаев турган.

Муну “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев бир нече ирет билдирген. Айрым маалымат каражаттары АШАнын Батукаевден пара катары алган миллиондорунун тең жарымы жасалма акча болуп чыкканын жазып чыкты. Демек, бул иштин башында Атамбаев өзү турган.

Эми камакка алуу кезеги экс-президентке келди деп фейсбуктагы Трибуна баракчасы жазып чыкты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь