Бекешев биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерге комиссия түзүүнү сунуштады

209

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендер боюнча депутаттык комиссия түзүү сунуштады. 

“Маалымат каражаттарына тендер боюнча УКМК жетекчисинин да ошого байланышы бар деп жазылып жатат. Бул маселе боюнча реакция кылбасак, коомчулук парламентке терс баасын берет. Ошондуктан биз депутаттык комиссия түзүп, бир топ маалыматты ачыкка чыгарсак туура болот. Тендерге катышкандар дагы депутаттык комиссия түзүлсө бир топ маалымат беребиз деп жатат. Күн тартибине ушул маселени киргизүүнү сунуштайм”, – дейт эл өкүлү.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы  Дастан Жумабеков регламент боюнча, фракциянын, комитеттин чечими керектигин билдирди.

Буга чейин УКМК жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталганын айткан.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь