Бүгүн Кыргызстан-Тажикстан футбол командалары беттешет

201

Бүгүн 15-майда Бишкекте “Дордой” футбол клубу менен Тажикстандын “Истиклол” командасы беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде башталат. Кирүүгө билет баасы 150-200сом

Эки клуб 1-майда Душанбе шаарында күч сынашып, “Дордой” ири эсеп менен утулуп калган.

Тажикстандын спортчулары Кыргызстанга 13-майда учуп келишкен, бүгүнкү күнгө чейин алар машыгууларды өткөрүштү.

Кыргызстандын оюнчулары оюн талаасына кочкул көк түстө ал эми коноктор кызыл-кара түстө ойношот.

Беттеш Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун алкагында өтүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь