Чүй облусунун Москва райондук сотунун мурдагы төрагасы Феликс Марсел өлкөдөн чыгып кеткен. Ага карата УКМК тарабынан издөө жарыяланган.
маалыматтарга караганда Анын соттук ишмердиги боюнча арыз 2018-жылы Соттор кеңешине түшүп, ал кызматынан алынган жана Соттор кеңеши ал мыйзам бузуу менен чечим чыгарганын айгинелеп, жоопкерчиликке тартуу боюнча чечим чыгарган.
Мындан соң ал өзүнүн кылмышын жабуу үчүн УКМКнын Антикоррупциялык кызматына пара сунуштап, аз өтпөй Түркияга чыга качканы айтылууда.
Эске салсак, буга чейин Аскер сотунун мурдагы төрагасы Нурланбек Ашымбеков жана Октябрь райсотунун судьясы Эрнис Чоткараевдер өлкөдөн из жашырып чыгып кетишкен.