Бүгүн УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев Аскердик прокуратурага суракка чакырылган. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазды.
“Бүгүн саат 15:00гө күбө катары чакырылдым. Анан суракка барам”, – деп билдирген Мусакеев.
Эске салсак, ага карата февраль айында “кызматтык абалынан пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барганы айтылууда.