Кинодогу “жөргөмүш адамды” туураган бала 8-кабаттан кулап кетти

194

Тбилисиде “Жөргөмүш адам” болуп кийинген 4 жашар бала 8 – кабаттан секирип, жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

маалыматка караганда, окуя болгон учурда батирде наристе менен кошо чоң энеси гана болгон.  Чоң энеси небересин өзүнүн  бөлмөсүндө ойноп жатат деп ойлоп, көңүл бурган эмес. Кулап түшкөндөн кийин гана үнүн укканын айткан.

Айрым маалымат булактары 4 жаштагы баланы кинодогу жөргөмүш адамды туурап секириши мүмкүн дешүүдө.

Азыркы убакта бала ооруканада, ал терезеден өзү кулап кеткенин айткан.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь