З. Рысалиев Жогорку Кеңештин депутаты: “Эми Батукаевдин иши боюнча баарын ачык айтам”

233

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев айрым маалымат булактарына  Батукаевди узаткандардын арасында анын ысымы айтылганы боюнча пикирин билдирди.

Ал учурда бул маселеде адилеттүүлүк, чындык ачыкталышы үчүн өзү аралашып жатканын айтып, кимдер жоопко тартылып, камалышы керектигин кошумчалады.

“Бул маселени “аягына чыксын, адилеттүүлүк орун алсын” дегендердин катарында болгонум үчүн мен өзүм ушул маселени көтөрүп жатам. Ким акчасын алган, ким учурган, ким кызыл килем төшөгөн, ким аэропорттон тосуп алганын эл билиши керек. Болбосо элдин баары имиш-имиштерге ишенип, чыныгы иш кандай болгонун көпчүлүк биле бербейт. Ошон үчүн чындыкка караандабаган түрдүү варианттар эл арасында жайылып жүрөт. Эл чынында иш кандай болгонун, ага кимдер көмөктөшкөнүн билиши кажет. Бул ишти саясатка байланыштырып олтурушуп, 6 жылдан бери бүтпөй жатат. Саясатка аралаштырбай, күч структураларына бергенде эбак эле кимдердин тиешеси бар экени айтылып, Батукаевди кимдер чыгарууга кызыкдар болгону ачыкка чыгып, чекит коюлмак. Аны каалабагандар бул ишти өз пайдасына пайдаланыш үчүн аныгын билип-билбей сүйлөй бергени үчүн түрдүү имиштерге жол ачылып кетти. Мен ушул кезге чейин чындыктын баарын айтып келдим. Ошон үчүн “бул маселеге чекит коёлу, аныгына чыгалы” деп жатам. Ыгы келген жерден бул ишке тиешелүү адамдардын атын да атагам. Кимдер камалыш керек экенин да ачык айткам. Бул маселе боюнча менден башка бирөө да антип айткан эмес. Чындык төө бастыга алынбасын дегеним үчүн атым аралашса да, бул иштин аягына чыгышы керек деген позицияда турам”.-деп билдирген депутат.

Булак: «Майдан»

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь