Каныкей Айылчиева: Кара-жорго бийи мени жеңишке жеткирди.

373

Аланияда өткөн “Universe Beauty 2019”- аталышындагы дүйнөлүк сулуулар, мода жана таланттар сынагынан гран-прини алып келген кыргыз кызы Каныкей Айылчиева Eldik.Mediaга фестиваль туурасында айтып берди. Каныкей буга чейин устаты Ассоль Молдакматованын сунушунун негизинде Москвада өткөрүлгөн суулуулар сынагына катышып, “Азия сулуусу” наамын жана Турцияда өткөрүлчү “Дүйнө сулуусу”-аталышындагы масштабдуу конкурска жолдомо утуп алган. Демөөрчү таппаган сулуу сынакка өз каражаты менен катышып, 30 мамлекеттен келген сулуулардын арасынан жеңишке жеткен. Каныкей жюрилерди кыргыздын улуттук кийими жана кара жорго бийи аркылуу арбап алган. Учурда жүрөгу бош сулуу мындан ары конкурстарга катышпайт жана өз кесиби боюнча иштерин кошумчалады.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь