«КТ-Мобайл» боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

347

Жогорку Кеңеште «Мамлекеттик үлүшү бар мекемелердин каржылык иштерин карап чыгуу боюнча» депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын чечимин жалпы жыйында 91 депутат колдогон.

Эске салсак,  эртең менен депутаттар Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Бакыт Төрөбаевдер «КТ-Мобайл» компаниясынын ишмердигиндеги каржылык мыйзам бузуулар, жогорку айлык маяналар, шек жараткан келишимдер боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин сунушташкан.

Аталган сунуш боюнча, КСДП фракциясы да өз чечимин чыгарып, эртеңки жыйында айтышаарын Төрөбай Зулпукаров билдирген. Ал эми депутаттык комиссиянын курамы эртең такталмакчы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь