Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңеште “КТ мобайл” компаниясы боюнча бир катар депутаттар маселе көтөрдү.
Депутат Жанар Акаев “КТ Мобайл” компаниясы эч иш аткарбай 345 млн. сом алганы жарыяланып жаткандыгын айтып, буга Жогорку Кеңеш реакция кылыш керек деди.
” Парламенттик комиссия түзүп, бул нерсени текшерүү зарыл. “КТ мобайлдын” артында кимдер турат? Биздин угушубузга караганда, мунун артында өкмөт башчынын жакын туугандары, бажалары турат деген сөздөр чыгып жатат”, – деди Жанар Акаев.
Ага улай Рыскелди Момбеков Акаевдин айткандарын колдоп, эрендердин алган айлыгын угуп үн чыгарбый тура албадым деген депутат Момбеков тармактык комитетте карап, парламенттик комиссия түзүү сунушун киргизди.
Ал эми Бакыт Төрөбаев бардык эле мамлекеттик мекемелердин айлыгын, алган сый акыларын бир көзөмөлгө алуу керектигин айтты.