Кытайда жаза өтөп жаткан эки жаран Кыргызстанга которулду

316

Кытайдын абактарында жаза өтөп жаткан эки кыргыз жараны мекенине келди. Бул тууралуу ТИМдин басма-сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соттолгон жарандарды өткөрүп берүү келишиминин негизинде ишке ашты.

14-майда Үрүмчү шаарында Кытайда узак мөөнөткө кесилип, абакта отурган  эки жаранды КР консулунун катышуусунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүп беришти.

Бүгүн  алар Бишкекке жеткирилди.  Жакын  арада дагы бир кыргыз жаранын которуу пландалууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь