Матраимов Атамбаевдин “көлөкөсүнөн коркчу” беле?

334

КСДПнын жообу Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун видеокайрылуусуна жооп берди.

Эскерте кетсек, 13-май күнү Матраимов Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасаган. Өз сөзүндө ал экс-президент жана анын тарапташтары Матраимовдордун атасынын элесине арналган иш-чарадан саясат таап чыкканын айткан.

Ошону менен бирге, эгер каралаганын койбосо, каршы күрөшкө чыга турганына токтолгон.

Райым Матраимовдун кечээки кайрылуусун Жээнбековдор менен болгон көп жылдык байланышынан коомчулуктун көңүлүн буруп кетүүгө аракет катары баалайбыз“, — деди ал.

Жолдубаева Атамбаевдин президенттиги учурунда Матраимов “көлөкөсүнөн коркуп” тураарын белгиледи.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь