Мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева камакка алынды. Аны милиция кызматкерлери Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу камакка алышкан. Бул тууралуу акипресс маалымат агенттиги жазды.
Маалыматтарга караганда, 14-майда Д.Сагинбаева аталган ишке байланыштуу суракка чакырылганы белгилүү болгон.
Буга чейин аталган кылмыш иш боюнча 5 дарыгер кармалып, алардын үчөө СИЗО-1 мекемесине киргизилген.
Башкы прокуратура Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришкен.
Кылмыш иш УКМКга тергөөгө жөнөткөн. Ал парламенттик комиссиянын корутундусунун негизинде, ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголгон.
«Кылмыш иш фактынын негизинде, медициналык корутундулардын бири-бирине каршы болуп жатканына байланыштуу козголгон. Эгер аны бошотуу үчүн жасалма факт колдонулганы аныкталса, тиешелүү кызматкерлер жоопко тартылат», – деп кошумчалашкан.