Орусияда кыргыз бала унаасы менен жөө аялды сүзүп кетти

226

Орусиянын Ленинград облусунун Всеволожск районунда кыргызстандык бала башкарган унаа жол кырсыкка кабылды. Окуя 14-майда саат 17:00 чамасында болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат кызматтары жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, “Хендай Солярис» унаасын башкарган айдоочу уруксат берилбеген жерден өтүп бара жаткан аялды сүзүп кеткен. Жөө аял орто деңгээлдеги жаракат алган. Унаага «Везёт» таксисинин белгилери түшүрүлгөн. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери башталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь