Ош-Стамбул каттамы кайра ишке кириши мүмкүн

260

Кыргыз-Түрк өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдарын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө ратификациялык мыйзамдын долбоору  алкагында Ош-Стамбул авиакаттамын ачуу демилгеси каралып жатат. Бул  тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйында транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаев билдирди.

Анын маалыматына таянсак, экиөлкө ортосунда тиешелүу документтерге кол коюп, макулдашкан. “Түрк тарап зарыл документтердин баарына кол койду, эми аны кыргыз тарап ратификациялоого тийиш”, – деди ал.

Ал эми эл өкүлү  Бактыбек Сыдыков Кыргызстандын жарандык авиация тармагы системдүү кризистен чыга албай жатканын айтты. “Биздин мамлекет эгемендик алгандан бери өлкө тарабынан авиация тармагына жарытылуу киргизе элек жана жардам дагы бере элек. Ансыз жарандык авиациянын өнүгүшү кыйын”, – деп  кошумчалады депутат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь