Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2018-жылдын бери көмүскө кумарканаларды уюштурганга шектүү катары 9 жайды аныкташкан.
Алар:
1.Супаналиева көчөсүндөгү «Прадо» оюн-зоок клубу (шаардык стадиондын жанында);
2. Раимбеков көчөсүндөгү «Мейгранд» оюн-зоок клубу;
3. Ленин көчөсүндөгү «Бархан» оюн-зоок клубу;
4. А.Масалиев көчөсүндөгү «Азык-Ордо» дүкөнүнүн жер төлөсүндөгү оюн-зоок клубу;
5. «Анар» кичи шаарчасындагы «Миллион» супер маркетине улай жайгашкан оюн-зоок клубу;
6. Масалиев проспектиси менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишиндеги оюн-зоок клубу;
7. А.Новои көчөсүндөгү «Дел люкс» мейманканасынын имаратына улай жайгашкан оюн-зоок клубу;
8. Райимбеков көчөсүндөгү «Тадж-Махал» мейманканасында жайгашкан оюн-зоок клубу;
9. Ленин көчөсүндө жайгашкан «Таш-Рабат» универмагына улай жайгашкан оюн-зоок клубу.
Бүгүнкү күндө аталган жайлардын ичинен «Де люкс» жана «Прадо» жайларынын үстүнөн сотко чейинки тергөө амалдары кайрадан жүрүп жатат. Буга чейин үч жолу айып салынган. 13-май күнү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан төртүнчү ирет аныкталган. Бул фактыылар боюнча кайрадан эле КР жазык-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык экспертизага берилген.
Ал эми калган 7 оюн-зоок клубдары Ош шаардык милициясынын аракети менен жабылган.
Тилекке каршы, жогоруда аты аталган жайлардын айрымдары укук коргоо органдарынын аракеттерине нааразылык көрсөтүшүп, милиция кызматкерлеринин үстүнөн көзөмөл органдарына арыз жазышып, кумарканаларды жабууга ниеттенген милиция кызматкерлерине карата басым жасоого аракет жасашууда.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы