Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-майда, Бишкекке ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын 14-жыйынына катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы быйыл Кыргызстан ШКУга төрагалык кылып жатканын эске салды.
«Бишкекте ШКУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынын өткөрүү Кыргызстан үчүн гана эмес, уюмга кирген бардык өлкөлөр үчүн абдан маанилүү. ШКУнун бардык өлкөлөрү коопсуздук маселесин көңүл борборунда кармоосу зарыл. Учурда дүйнөдө глобалдык айрым терс процесстер жүрүп жатат. Алар чакырыктарды жана коркунучтарды жаратып, ШКУнун аймагына туруксуздукту алып келүү коркунучуна ээ», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы баса белгилегендей, аймакта жарандарды террористтик ишмердүүлүккө тартуу көйгөйү абдан курч болуп турат.
«Бул жарандардын тынчтыкта, эртеңки күнгө ишенимдүү жана жагымдуу атмосферада өнүгүүсүнө тоскоолдук кылууда. Алардын максаты биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына толугу менен карама-каршы келет. Заманбап чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүүдө бир кылка жана системалуу иштөө аркылуу маанилүү жыйынтыктарга жетишүүгө болот. Биргелешкен жана бирдиктүү аракет керек», — деп баса белгиледи Президент.
Ал ШКУнун жаңы катышуучулары — Индия жана Пакистан кызматташууну жаңы, сапаттуу өнүгүү динамикасына алып келгенин белгиледи.
Катышуучулардын атынан Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Калмуханбет Касымов Кыргызстандын ШКУга ийгиликтүү төрагалык кылуусун каалады.
«Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусунда биз коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык жана аймактык көйгөйлөрдүн актуалдуу багыттарын кеңири талкуулайбыз. Биздин кесиптештердин биргелешкен жемиштүү иши менен Бишкекте өтүүчү негизги иш чарага — ШКУ саммитине карата даярдыктарга байланыштуу көптөгөн маселелерди кароого жана макулдашууга жетиштик», — деди Калмуханбет Касымов.
Президент Сооронбай Жээнбеков Уюмду өнүктүрүүдөгү салымы, ШКУ аймагындагы коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды натыйжалуу иштеп чыгып, турмушка ашырып жатканы үчүн жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу ийгиликтүү өтүшүн каалады.