Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында тилчи, окумуштуу Сыртбай Мусаев депутаттардын баары эле грамматикалык формаларды бузуп сүйлөп жаткандарын билдирди.
Азрыкы убакта депутаттар “Жарнак жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карап жаткан. Ошондо Сыртбай Мусаев бул сөздөр Кыргызстандын аймактарында түрдүүчө айтыларын жана элдин баарын “ушул туура, ушундай сүйлө” деп кыйнай албай турганын айтты.
“Түштүк тарапта “куш келдиңиздер” дейт, түндүк тарапта “кош келиңиздер” дейт. Ошондуктан тилди бир киши тескей албайт. Биз окумуштуу, адис катары “ушул туура” деп оюбузду айтабыз. Элди “сен так ушундай сүйлө” деп айтыш кыйын экен. Мына депутаттар, силер деле сүйлөгөндө грамматикалык формаларды бузуп сүйлөйсүңөр”, — деди ал.
Мусаев, андан сырткары, эгер депутаттар тил эрежесин бузгандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам кабыл алып берсе, чындап эле тилге кам көргөн болушмактыгын белгиледи.