Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Кара-Буура жана Манас райондору боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыштуу топту аныкташты. Алар күйүүчү май ташып сатуу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк кылып келишкен.
“Чоң-Капка” өткөрмө бекетинен “Бензанол-БИ92” жүгү менен “ДАФ-XF430″үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшергенде, 30тонна күйүүчү майды Чүй облусуна алып бара жаткандыгы аныкталган.
Бул факт “салыкты төлөөдөн качуу” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иш башталды.