Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев фейсбуктагы баракчасына депутаттар Азия өнүктүрүү банкынан жол курууга ратификациялап беришкендерин жазды.
“Бүгүн Жогорку Кеңеш Азия Өнүктүрүү Банкынан жол курабыз деп карыз алчу акчаны ратификациялап берди. 68 млн 500 миң доллар карыз алсак, 9 млн 500 мин доллар грант берет экен. Эми ошол грант делген тогуз жарым миллион доллар кандай жумшалат? Анын 80%и консультанттарга, дагы бир миллиону долбоорду башкарууга, жа.б. иштерге жумшалат экен.”-деп билдирди эл өкүлү.