УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматынан кетти.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Кадыркулов Идрис Анарбекович ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
Аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, Кадыркуловдун мындай чечим кабыл алуусун, акыркы учурда резонанс жаратып жаткан Мамлекеттик каттоо кызматындагы биометрикалык паспорттун бланктарын сатып алуудагы чырга байланыштырган.