Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлери Кыргызстанга чогулушту. Алар 15-майда 2021-жылы “Silk Road” фестивалын каерде өткөрүү маселесин талкуулашат. Аталган фестиваль Жибек жолу мамлекеттеринин маданиятын жана салтын даңазалайт.
Ошондой эле, министрлер маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин да сүйлөшүп, бекемдешмекчи.
Быйыл ШКУга Кыргызстан төрагалык кылат. Ушул күндөрү уюмдун курамындагы мамлекеттердин кызматташтыгына арналган иш-чаралар башталды. Ал эми президенттердин жыйыны 13-14-июнда өтмөкчү.
ШКУ 2001-жылы түзүлгөн. Курамына Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия кирет.